Skip Global Navigation to Main Content
Skip Breadcrumb Navigation
  • АКШнын элчиси Шейла Гуолтни Бишкектеги элчилигинен биринчи иммиграциялык визасын тапшырды.“Биз бул кызматтарды эки тараптуу мамилелердин 25-жылдыгында  тартуулаганыма өтө кубанычтабыз."

    АКШнын элчиси Шейла Гуолтни Бишкектеги элчилигинен биринчи иммиграциялык визасын тапшырды.“Биз бул кызматтарды эки тараптуу мамилелердин 25-жылдыгында тартуулаганыма өтө кубанычтабыз."

  • АКШнын Бишкектеги элчилиги 2016-жылкы президенттик шайлоо күнүн белгиледи – бул шайлоо процесси аркылуу АКШ бийликтин тынч которуулардын тарыхтагы эң узак мөөнөтүнө жетишти.

    АКШнын Бишкектеги элчилиги 2016-жылкы президенттик шайлоо күнүн белгиледи – бул шайлоо процесси аркылуу АКШ бийликтин тынч которуулардын тарыхтагы эң узак мөөнөтүнө жетишти.

  • “Биз кыргыз өкмөтү менен болгон ачык диалогубузду баалайбыз. Биз президент менен талкууларыбызды улантып, достугубузду жана “С5+1” форматындагы жолугушуулар сыяктуу долбоорлордун үстүндөгү өнөктөштүгүбүздү бекемдейбиз“. Мамкатчынын орун басары Шеннон

    “Биз кыргыз өкмөтү менен болгон ачык диалогубузду баалайбыз. Биз президент менен талкууларыбызды улантып, достугубузду жана “С5+1” форматындагы жолугушуулар сыяктуу долбоорлордун үстүндөгү өнөктөштүгүбүздү бекемдейбиз“. Мамкатчынын орун басары Шеннон

  • «Бирге ойноо: Борбор Азия жана АКШ кызматташтыгына 25 жыл» долбоордун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын белгилөө максатында борбор азиялык жана америкалык музыканттардын катышуусу менен концерт өттү.

    «Бирге ойноо: Борбор Азия жана АКШ кызматташтыгына 25 жыл» долбоордун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын белгилөө максатында борбор азиялык жана америкалык музыканттардын катышуусу менен концерт өттү.

  • Дүйнөнүн ар тарабынан коомчулуктардын жана улуттардын арасында толеранттуулукту жана ар түрдүүлуктү жогорулатуу жолдорун табууга 13-17 июлда 100 жаш лидер Бишкекте чогулду.

    Дүйнөнүн ар тарабынан коомчулуктардын жана улуттардын арасында толеранттуулукту жана ар түрдүүлуктү жогорулатуу жолдорун табууга 13-17 июлда 100 жаш лидер Бишкекте чогулду.

  • Энтони Станко жана Тhe Crucial Elements америкалык джаз тобу Кыргызстандын кооз жерин кубаныч менен концерт берип кыдырып жүрүүдө!

    Энтони Станко жана Тhe Crucial Elements америкалык джаз тобу Кыргызстандын кооз жерин кубаныч менен концерт берип кыдырып жүрүүдө!

  • АКШнын Бишкектеги элчилиги Америка Кошмо Штаттарынын Эгемендүүлүгүнүн 240-жылдыгын белгилөөдө!

    АКШнын Бишкектеги элчилиги Америка Кошмо Штаттарынын Эгемендүүлүгүнүн 240-жылдыгын белгилөөдө!

  • Дүйнөгө белгилүү өтө узак аралыкка чуркаган америкалык жөө күлүк Дин Карнасис 29-июндан 10-июлга чейин Улуу Жибек жолунун бою менен Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанды аралап чуркап өтөт.

    Дүйнөгө белгилүү өтө узак аралыкка чуркаган америкалык жөө күлүк Дин Карнасис 29-июндан 10-июлга чейин Улуу Жибек жолунун бою менен Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанды аралап чуркап өтөт.

  • «АКШ Кыргызстандын демократиялык мамлекетти куруу жолундагы жетишкендиктерин жогору баалайт жана бул багытта колдоо көрсөтүүгө мындан ары да ниеттенүүдө» - конгрессмен Питер Роскам, 1-2-июнда болгон иш сапары учурунда.

    «АКШ Кыргызстандын демократиялык мамлекетти куруу жолундагы жетишкендиктерин жогору баалайт жана бул багытта колдоо көрсөтүүгө мындан ары да ниеттенүүдө» - конгрессмен Питер Роскам, 1-2-июнда болгон иш сапары учурунда.

  • 20-майда 500дан ашык Оштук досубуз АКШ-Кыргызстан мамилелердин 25-жылдыгын белгилөө үчүн Америка Борборлордун кербенинин башталышына катышты! Рахмат!

    20-майда 500дан ашык Оштук досубуз АКШ-Кыргызстан мамилелердин 25-жылдыгын белгилөө үчүн Америка Борборлордун кербенинин башталышына катышты! Рахмат!

  • Open World (Ачык дүйнө) программа аркылуу Кыргыз парламентинин беш жаш депутаты АКШга келгенине кубанычтабыз! Америкага кош келиңиздер жана сапарыңыз байсалдуу болсун!

    Open World (Ачык дүйнө) программа аркылуу Кыргыз парламентинин беш жаш депутаты АКШга келгенине кубанычтабыз! Америкага кош келиңиздер жана сапарыңыз байсалдуу болсун!

  • ТИФА жана С5+1 - өнөктөштүк аркылуу өнүгүү. 4-6-апрелде, Борбор Азиянын беш мамлекети жана Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрү Борбор Азия эли үчүн жумуш орундарды, гүлдөп-өнүгүүнү, жана туруктуулукту камсыз кылуу максаты менен жолугушат.

    ТИФА жана С5+1 - өнөктөштүк аркылуу өнүгүү. 4-6-апрелде, Борбор Азиянын беш мамлекети жана Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрү Борбор Азия эли үчүн жумуш орундарды, гүлдөп-өнүгүүнү, жана туруктуулукту камсыз кылуу максаты менен жолугушат.

  • Америкалык ыр сынагы – Кызматташтыгыбыздын 25-жылдыгын америка музыкасы менен белгилөө: 26-мартта Опера жана балет театрында өткөн Америка ыр сынагынын концертинде 600дөн ашык жакшы көргөн ырчыларын кол чабуулар менен тозуп алышкан.

    Америкалык ыр сынагы – Кызматташтыгыбыздын 25-жылдыгын америка музыкасы менен белгилөө: 26-мартта Опера жана балет театрында өткөн Америка ыр сынагынын концертинде 600дөн ашык жакшы көргөн ырчыларын кол чабуулар менен тозуп алышкан.

  • Элчи Шейла Гуолтни КТРК-нын Замана таңкы шоусунда аял укуктары жөнүндө сөз сүйлөдү жана Кыргыз Республикасынын бардык аялдарын Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады.

    Элчи Шейла Гуолтни КТРК-нын Замана таңкы шоусунда аял укуктары жөнүндө сөз сүйлөдү жана Кыргыз Республикасынын бардык аялдарын Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады.

  • 19-февралда ѳткѳн “Жаштардын жана аялдардын мыкты кампаниялары” сыйлык берүү аземи эң жакшы болду.  Кыргызстанда алда нечен адам милиция менен коомчулуктардын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча чоң кызмат кылууда.

    19-февралда ѳткѳн “Жаштардын жана аялдардын мыкты кампаниялары” сыйлык берүү аземи эң жакшы болду. Кыргызстанда алда нечен адам милиция менен коомчулуктардын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча чоң кызмат кылууда.

  • Дээрлик 15 жылдан бери, АКШнын айыл чарба департаменти Мерси Ко уюму менен бирдикте Кыргызстандын айыл жердеги мектеп балдарын “Тамак-аш жана Билим берүү” программасы аркылуу жагыштуу түшкү тамак менен камсыз кылат.

    Дээрлик 15 жылдан бери, АКШнын айыл чарба департаменти Мерси Ко уюму менен бирдикте Кыргызстандын айыл жердеги мектеп балдарын “Тамак-аш жана Билим берүү” программасы аркылуу жагыштуу түшкү тамак менен камсыз кылат.

НЕГИЗГИ ЖАҢЫЛЫКТАР

  • Жыргалаңдагы фестиваль жаңы лыжа сезонун ачат

    18-19-ноябрларда Жыргалаң Өрөөнүндө 2016-2017-ж. тоо-лыжа сезонун ачуучу фестиваль өтүп жатат. Фестивалдын программасына концерттер, оюндар, ошондой эле спорттун кышкы түрлөрүн, жергиликтүү кол өнөрчүлүктү көрсөтүүчү ич-чаралар кирет. Андан тышкары, фестивалда Каракол шаарынан 60 км аралыкта жайгашып, тоо лыжа аймагы катары өнүгүп келе жаткан Жыргалаңдын конок үйлөрүн да көрсө. Фестиваль Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулду. 

  • АКШнын элчиси Шейла Гуолтни Бишкектеги элчилигинен биринчи иммиграциялык визасын тапшырды

    2016-жылдын 17-ноябрында АКШнын элчиси Шейла Гуолтнинин катышуусу менен Кыргызстандын жараны Аида Бектуровага АКШнын Бишкектеги элчилигинен берилген биринчи иммиграциялык визасын тапшырды. Аида Бектурова иммиграциялык визасын “Ар-түрдүү улуттагы иммигранттар үчүн визалар” аттуу программанын алкагында алуу. Бул программа жыл сайын көп мамлекеттердин жарандары үчүн багытталган 55000-чейин виза бөлүштүрөт. катышуучулары Виза алуучулар АКШ Мамлекеттик департаментинин travel.state.gov вебсайтында жайгаштырылган нускамаларга ылайык катталган талапкерлердин арасынан кокустук жолу менен тандалып алынышат.  

  • Кыргызстандын музейлери келүүчүлөрдү тартуу үчүн жаңы долбоорлорду иштеп чыгышты

    2016-жылдын 16-ноябрында “Хаятт Ридженси Бишкек” мейманканасында Кыргызстандын 17 алдыңкы музейлери көргөзмөлөрдүн сапатын жакшыртуу жана программаларын ар түрдүүлүгүн кеңейтүү максатында жеке секторунан потенциалдуу өнөктөштөрү жана эл аралык донорлор үчүн долбоорлордун концепцияларын сунуш кылышат. Бул бет ачуу аземи алты айдын ичинде Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) “Бизнести өнүктүрүү боюнча демилгеси” тарабынан өткөрүлгөн интенсивдүү окутуу программасынын натыйжасы болуп саналат. 

  • АКШнын Кыргыз Республикасындагы Шейла Гуолтни элчисинин 2016 АКШдагы президенттик шайлоо боюнча билдирүүсү

    9-ноябрда, Америка Кошмо Штаттарынын эли Дональд Трампты биздин кырк бешинчи президентибиз катары шайлап алды. Жаңыдан шайланган президент Трамп 2017 жылдын 20-январында кызматына киришет. Президент Барак Обама жана мамлекеттик катчы Жон Керри иштерин жаңы келген башкармалыгына макулдашылган жана жыйынтыктуу жолу менен өткөрүп бергенге умтулууда жана ага даярдык көрүүдө. 

  • Криминалисттер үй-бүлөдөгү жана сексуалдык зордук-зомбулуктарды тергөө ыкмаларын үйрөнөт

    Сербиядан келген эки эл аралык эксперт Кыргыз Республикасынын ИИМдин эксперттик-криминалисттик борборунун 20 кызматкери үчүн сексуалдык кылмыштарды жана үй-бүлөлүк зомбулуктарды экспертизадан өткөрүү маселелери боюнча окутуу өткөрөт.  

  • Бишкектеги АКШ-нын элчилиги иммиграциялык визаларды берүү процессин баштайт

    Бишкектеги АКШнын элчилиги 2016-жылдын 14-ноябрынан баштап Кыргыз Республикасынын тургундарына иммиграциялык визаларды берүү процессин баштайт. Иммиграциялык визаны петициянын негизинде алуучу талапкерлерге жана “Ар-түрдүү улутта болгон иммигранттар үчүн виза” программасынын (“Грин кард” лотереянын) жеңүүчүлөрүнө мындан кийин маекти же медициналык текшерүүнү өтүш үчүн Алматы шаарына барыштын кереги жок. Талапкерлер иммиграциялык визаны алуу процедурасын жана медициналык текшерүүнү Бишкектеги АКШнын элчилигинде өтө алышат. 

  • USAID Кыргызстандын түштүгүндөгү конок үйлөрдүн тейлөө сапатын жакшыртууда

    11-октябрдан 20-октябрга чейин USAID Баткен, Жалал-Абад жана Оштогу 20 чакан мейманканалардын жана конок үйлөрдүн өкүлдөрүнө конок күтүү, маркетинг жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү боюнча тренинг өткөрдү. Бул тренингдер Кыргыз Республикасынын туризм секторун жана бизнесин алдыга жылдырууга жана жакшыртууга кол кабыш кылуу максатында USAID-дин Бизнести өнүктүрүү демилгеси долбоору аркылуу АКШнын Өкмөтү тарабынан өткөрүлдү.  

  • USAID айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө сатып алуучулар менен байланыш түзүүгө жардам берүүдө

    2016-жылдын июлунан сентябрь айына чейин Америка Кошмо Штаттары USAIDдин Агро горизонт долбоору аркылуу Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен жергиликтүү жана чет өлкөлүк сатып алуучулардын ортосунда байланышты күчөтүүгө бир катар иш-чараларга колдоо көрсөттү. Алматыда, Бишкекте жана Ошто өткөн үч ири форумдун, ошондой эле чакан форматтагы жүздөн ашык жолугушуунун алкагында, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарындагы тамак-аш өнөр жайы ишканаларынын өкүлдөрү потенциалдуу сатып алуучулар менен жолугушту. Натыйжада, 5,4 миллион АКШ доллары көлөмүндө жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу контракттарга жана макулдашууларга кол коюлду. 

  • Нарында дени сак жашоо ыңгайын колдойт

    2016 жылдын 14-октябрында, Дүйнөлүк тамак-аш жана Дүйнөлүк колду жуу күндөрүн майрамдоо алкагында, АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министирлиги, Нарын облустук администрациясы, Нарын жана Көк-Жаңгак мэриялары жана облустук үй-бүлөлүк медицина борборлору менен биргеликте Нарын шаарында чуркоо жана Көк-Жаңгак шаарында концерт уюштурду. Бул мааракелер колду таза жуунун жана толук кандуу тамактануунун маанилүүлүгүн баса белгилеп өтүштү. 

  • АКШнын китептерин которуу программасы жана жергиликтүү басмаканалары америкалык классикалык аңгемелерин кыргыз тилинде сунуш кылууда.

    Элчилик америкалык балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Ричард Скерринин «Кишилер кечке чейин эмне иш кылат», Жон Шесканын «Үч торопойдун чыныгы окуясы», Роберт Макклоскинин «Кара моюл терген сэл», жана жаштарга ылайыктуу Жером Сэлинжердин «Кара буудайдагы тосуучу» аттуу аңгемелерин жарыкка чыкканын кубаныч менен жарялоодо. Бул иш чара АКШнын элчилиги жана Кыргыз басмаканалар ассоциациясынын кызматташуусунун негизинде аткарылды.  

  • Бирге ойноо: Борбор Азия жана АКШ кызматташтыгына 25 жыл. АКШ жана Борбор Азия музыканттарынын катышуусу менен концерттер жана мастер-класстар

    2016-жылдын 14-октябрында саат 18:00дө Бишкектеги Кыргыз Улуттук филармониясында «Бирге ойноо: Борбор Азия жана АКШ кызматташтыгына 25 жыл» долбоордун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын белгилөө максатында борбор азиялык жана америкалык музыканттардын катышуусу менен концерт өтөт. Долбоорду Кыргыз Республикасындагы CEC ArtsLink Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин колдоосу аркылуу «Omnibus» жана башка борбор азиялык музыкалык институттар менен өнөктөшүп ишке ашырат.  

  • USAID Дүйнөлүк туризм күнүн белгилейт

    USAID туризм экономиканы көтөрүүдө күчтүү кыймылдаткычтардын бири экенин мойнуна алып, Кыргыз Республикасы менен бирге 27-сентябрда Эл аралык туризм күнүн белгиледи. Өлкөнүн уникалдуу маданияты жана ажайып кооз жаратылышы дүйнө жүзүндөгү көптөгөн саякатчыларды өзүнө тартууда. USAID жаратылышы кооз, эли меймандос келген жана көчмөн элинин маданиятына бай Кыргыз Республикасына мындан да көп туристерди тарттуу максатында Кыргызстандагы өзүнүн өнөктөштөрү менен бирге активдүү иш алып баруусу менен сыймыктанат. 

Президенттик шайлоо боюнча

Визалар/Консулдук бөлүм

Америкалык англис тили

  • Америкалык англис тили