Skip Global Navigation to Main Content
Skip Breadcrumb Navigation
2016 -жылдын пресс-релиздери

USAID Кыргызстандын түштүгүндөгү конок үйлөрдүн тейлөө сапатын жакшыртууда

2016-жылдын 21-октябры

Ош, Кыргызстан – 11-октябрдан 20-октябрга чейин USAID Баткен, Жалал-Абад жана Оштогу 20 чакан мейманканалардын жана конок үйлөрдүн өкүлдөрүнө конок күтүү, маркетинг жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү боюнча тренинг өткөрдү. Бул тренингдер Кыргыз Республикасынын туризм секторун жана бизнесин алдыга жылдырууга жана жакшыртууга кол кабыш кылуу максатында USAID-дин Бизнести өнүктүрүү демилгеси долбоору аркылуу АКШнын Өкмөтү тарабынан өткөрүлдү. 

Тренинг чакан конок үйлөр боюнча эл аралык эксперт Ивонна Хэллинг айым тарабынан өткөрүлүп, конок күтүү ишмердигин систематизациялоо, маркетинг, конокторду тартуу үчүн жарнамалоо иштери, кардарлар менен тыгыз мамиледе болуу, тайм менеджмент жана анализ жана каржы башкаруу деген сыяктуу көптөгөн аспектерди өзүнө камтыды.  

«Мен үчүн Ивоннанын персоналдын ой-жүгүртүүсүн өзгөртүү жана кантип жөнөкөй конок үйдү меймандос, жылуу конок үйгө айландыруу керек экендиги тууралуу берген кеп-кеңештери абдан баа жеткис тажрыйба болду», деп айтты Оштогу Бий-Ордо конок үйүнүн ээси Иса Мунар мырза. Мындан тышкары ал, бул эл аралык эксперт тарабынан өткөрүлгөн атайын тернингдер түштүк аймак үчүн өтө сейрек тажрыйба деп өз сөзүн улантты. 

USAID буга окшогон тренингдерди ушул жылдын башында, 2016-ж. жайкы сезонунун астында тейлөө сапатын жакшыртуу максатында Караколдогу конок үйлөр үчүн да өткөргөн. Тренингден конок үй ээлери жана башкаруучулары кардарлардан сунуштарды алууну, алар менен тыгыз мамиледе болууну, тамактын жана кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрлөрүн киргизүүнү, коноктордун эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү үйрөнүштү. 

Мындан тышкары, USAID Кыргызстандагы туризм бизнесинин, конок-үйлөрдүн жана чакан мейманканалардын тейлөө сапатынын деңгээлин жакшыртуу боюнча жергиликтүү үйрөтүүчүлөрдүн тобун да даярдап жатат.

«Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси» - бул туризм, кийим тигүү жана курулуш материалдары сыяктуу экономикалык секторлордуну атаандаштыгын арттырууга жана бекемдөөгө арналган төрт жылдык долбоор.